27 Апрель 2026 ж.
Admin
Бишкек, 2026-жылдын 24-апрели — Билим берүүдө заманбап маалыматтык технологиялар институтунун (ИСИТО) конференц-залында «STARTUP GUIDE: Өз долбооруңду кантип түзүү керек» аттуу темада ачык конок лекциясы болуп өттү. Спикер катары КР УИАнын Машина таануу, автоматика жана геомеханика институтунун эксперти, ишкер, ментор жана стартапер Медер Болгомбаев сөз сүйлөдү.
Жолугушуу бардык багыттагы студенттер үчүн уюштурулуп, ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана өзүнүн инновациялык идеяларын ишке ашырууга умтулган жаштарга багытталды.
Лекциянын негизги темалары:
Суроо-талапка ээ болгон нишаны табуу: эксперт жергиликтүү гана эмес, дүйнөлүк рынокто дагы атаандаштыкка жөндөмдүү идеяларды кантип аныктоо керектигин айтып берди.
Долбоорду ишке киргизүүнүн этаптык алгоритми: студенттер окуу учурунда жаралган идеяны реалдуу коммерциялык продуктка айландыруу …