2026-жылдын 1-апрелинде ИСИТОдо «Экономикалык-укуктук дисциплиналар» ПЦКсынын жетекчиси Абдуллаева М.А. тарабынан Акча боюнча глобалдык жуманын алкагында 1-курстун укуктук адистиктеринин студенттери үчүн «FINCA Банк» ЖАК өкүлдөрүнүн катышуусунда конок лекциясы уюштурулду.
«FINCA Банк» ЖАК өкүлдөрү тарабынан «Акыл алдыда болсо, эртең капчыкта акча болот» темасында финансылык сабаттуулук боюнча конок лекциясы өткөрүлдү.
Конок лекциясы алдамчылыктын ар кандай түрлөрү, алдамчылыктан коргонуу жолдору, банктык депозиттердин түрлөрү тууралуу маалымат берүү, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, финансылык пландоо жаатындагы билимди кеңейтүү, ошондой эле жеке топтомдорду коммерциялык банктарда ишенимдүү сактоо жөнүндө тааныштыруу максатында өткөрүлдү.
Лекциянын соңунда студенттер өздөрүн кызыктырган бардык суроолоруна жооп алышты, ал эми эң көңүлдүү жана активдүү студенттерге эстелик белектер тапшырылды.