Название кг

Бишкек, 2026-жылдын 24-апрели — Билим берүүдө заманбап маалыматтык технологиялар институтунун (ИСИТО) конференц-залында «STARTUP GUIDE: Өз долбооруңду кантип түзүү керек» аттуу темада ачык конок лекциясы болуп өттү. Спикер катары КР УИАнын Машина таануу, автоматика жана геомеханика институтунун эксперти, ишкер, ментор жана стартапер Медер Болгомбаев сөз сүйлөдү.

Жолугушуу бардык багыттагы студенттер үчүн уюштурулуп, ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана өзүнүн инновациялык идеяларын ишке ашырууга умтулган жаштарга багытталды.

Лекциянын негизги темалары:

Суроо-талапка ээ болгон нишаны табуу: эксперт жергиликтүү гана эмес, дүйнөлүк рынокто дагы атаандаштыкка жөндөмдүү идеяларды кантип аныктоо керектигин айтып берди.

Долбоорду ишке киргизүүнүн этаптык алгоритми: студенттер окуу учурунда жаралган идеяны реалдуу коммерциялык продуктка айландыруу жолдору менен таанышты.

Санариптик трансформация: бизнес-процесстерди автоматташтыруу жана долбоорлорду масштабдаштырууда IT-технологияларды колдонууга өзгөчө көңүл бурулду.

Чакырылган спикер Медер Болгомбаев илимий жана практикалык ишмердүүлүктү айкалыштыруудагы өзгөчө тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал КР УИАнын Машина таануу, автоматика жана геомеханика институтунун учурдагы эксперти болуу менен катар, Meder Agro Hub долбоорун ийгиликтүү өнүктүрүп келет. Бул стартап агроөнүмдөрдү терең кайра иштетүүгө (120 миң тоннадан ашык) адистешкен жана дүйнөнүн 50дөн ашык өлкөсүнө экспорттук мүмкүнчүлүккө ээ.

«Глобалдуу ойлонуп, келечекти бүгүнтөн баштап түзө баштагыла», — деп Медер Болгомбаев өз сөзүндө баса белгилеп, студенттерди активдүү аракетке үндөдү.

Иш-чара интерактивдүү Q&A сессиясы менен жыйынтыкталып, анын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн стартап идеялары боюнча түз кеңештерди жана эксперттик талдоону алышты.

Мындай жолугушууларды өткөрүү ИСИТОнун академиялык билимди Кыргызстандын бизнес жана илим тармагындагы алдыңкы өкүлдөрдүн практикалык тажрыйбасы менен интеграциялоо стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.